КРнын Башкы консулу Болотбек Борбиев менен Чикагонун вице-мэри Самир Маекар экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты
Анын ичинде инвестиция жана туризм тармагындагы бир катар келечектүү долбоорлорду карашат
20-декабрда Чикаго шаарынын мэриясында КР Башкы консулу Болотбек Борбиев менен Чикагонун экономикалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча вице-мэри Самир Маекар жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, инвестиция, туризм жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле Чикагодо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция жана туризм тармагындагы бир катар келечектүү долбоорлорду кароого даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле экономикалык дипломатия чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.
Эскерте кетсек, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунан тарта төмөнкү дарек боюнча иштеп жатат:
100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.
Телефон: 312 994 2416
312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдар үчүн 24/7)
Email: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www