Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тарых профессору облустардын жана шаарлардын атын өзгөртүүнүн кандай кемчиликтери бар экенин айтып берди

Бул жолу депутаттар Баткен облусуна жаңы аталыш менен чыгышты

Географиялык объектилердин атын чексиз өзгөртүү тарыхый маалыматтардын жоголушуна алып келет. Ошентип министрлер кабинетинин Баткен облусу менен Баткен шаарынын атын өзгөртүү демилгеси боюнча Vesti.kg сайтына тарых илимдеринин профессору, саясат таануучу Айнура Арзыматова комментарий берди.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев Баткен районунун аталышы өзгөртүлөрүн айтты.

Мисал катары депутаттар облуска Манастын, же Исхак Раззаковдун ысымын берүүнү сунушташты.

- Мен буга караманча каршымын, - деп ачууланды Айнура Атыгаевна. -Аты эч нерсе айтылбаган айылдарга келгенде түшүнөм. Мисалы, Шамал же Степное айылы болмок. Бирок Баткен облусунун аты тарыхый. Мындай объекттердин аталышы өзгөртүлгөндө тарыхый эволюция токтойт. Европада кээ бир шаарлар жана жерлер кылымдар бою өз ысымдарына ээ. Алардын атын өзгөртүү эч кимдин оюна келбейт.

Эксперт тарыхый компоненттен тышкары аталышты өзгөртүү чоң каржылык чыгымдарды алып келерин белгиледи.

- Анан эмне, бул акчаны коро турган жерибиз жокпу? Балким, пенсия, пособиелерди көтөрүү жакшыдыр? Анын үстүнө Раззаков атындагы шаар мурда эле бар. Ошол жерден Исфаранын тарыхый аталышы да алынып салынган. Балким, токтотушубуз керек?- деп жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх