Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо милиция кызматкерлери сутенерди кармашты (фото)

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери саунада бир нече ай аңдып жүрүшкөн

Караколдо милиция сутенерди кармады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Июль айында кылмыш иликтөө кызматкерлерине Каракол шаарында белгисиз аял сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн «пункт» уюштурганы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн», - деп билдиришти укук коргоо органдарынан. - Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жакында эле сойкукананын уюштуруучусу, облус борборунун 55 жаштагы тургуну кармалган. Тинтүү учурунда андан жана сексуалдык кызмат көрсөткөн беш кыздан белгиленген 4600 сом алынган. Буюм далил катары сексуалдык кызмат көрсөтүүгө кеткен каражаттар да катталган. Шектүү шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх