Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Мароккодон КРнын студенттеринин билим алуусу үчүн гранттык орундарды бөлүп берүүнү суранат

ТИМ орун басары Марокко Королдугунун Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар министри менен жолугушту

Бир күн мурун, 22-декабрда Марокко Королдугунун борбору Рабат шаарында өткөн Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) Башкы конференциясынын 43-сессиясына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Марокко Королдугунун Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар министри Абдуллатиф Миравий менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Артыкбаев эки өлкөнүн ортосундагы тармактык мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Марокко Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун марокко тараптын кароосуна киргизди.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн билим берүү тармагында тыгыз кызматташуусуна чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешип, кыргыз тарап Мароккодогу жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин билим алуусу үчүн гранттык орундарды бөлүү сунушун киргизди.

Өз кезегинде Миравий Кыргыз Республикасы менен билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга даяр экенин белгилеп, бул жааттагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Артыкбаев Миравийди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх