Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми расмий түрдө. Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдарда 8 күн эс алышат

Министрлер кабинети дем алыш күндөрүн жыл бою которуу жөнүндө жобону бекитти

Министрлер кабинети келерки жылдын майрам күндөрү жөнүндө жобону расмий бекитти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ошентип, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлери үчүн узак мөөнөттүү эс алуу күндөрү белгиленет:

- 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 8-январына чейин (3, 4, 5, 6-январдын ордуна 9-январь, 25-февраль, 11-март, 25-март иш күндөрү болот);
- 2023-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейин (20-марттын ордуна иш күнү 29-апрелге туура келет);
- 2023-жылдын 5-майынан 2023-жылдын 9-майына чейин (8-майдын ордуна иш күнү 13-май болот);
- 2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин (6-ноябрдын ордуна иш күнү 11-ноябрь болот).

«Ошол эле учурда бул долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги менен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине жогорудагы эс алуу күндөрүн 2023-жылга жылдырууну сунуштады», - деп жыйынтыктады министрлик.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх