Кемпирабад окуясы боюнча камакка алынган активисттер Кыргызстан элине кайрылуу жазышты (фото)
«Эгер биз балдарыбыздын эркин жана адилеттүү өлкөдө жашашын кааласак, жаңы 2023-жылы ар бир адам адилеттүүлүк жана эркиндик үчүн күрөшүшү керек»
СИЗОдо камалган Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстандын жарандарына кайрылуу кат жазышты. Билдирүүнүн тексти социалдык тармакка жарыяланды.
«Келе жаткан жыл экономикалык жактан оор жыл болсо да, элибиз көп жылдар бою күткөн адилеттикти, тынчтыкты, өзгөрүүлөрдү алып келсин», - деп тилек кылышты активисттер. «Эгер биз балдарыбыздын эркин жана адилеттүү өлкөдө жашашын кааласак, жаңы 2023-жылы ар бир адам адилеттүүлүк жана эркиндик үчүн күрөшүшү керек. Биз баарыбыз бийликтен, соттон, Жогорку Кеңештен, өкмөттөн сот адилеттигин талап кылууга милдеттүүбүз”.
Кармалгандар укуктук жана соттук реформалардын жаңы программаларын иштеп чыгуу керектигин белгилешти.
«Баарыбыз 2023-жылы эркин журналисттерди, эркин ММКларды жана активдүү жарандарды колдойлу. Бул институттар биринчи кезекте өлкөбүздү жакырчылыктан, жумушсуздуктан, адилетсиздиктен алып чыгуучу күч экенин унутпайлы», - деп айтылат катта.
Сүрөт www