Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар салык тармагындагы өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алышты

Документ КММ колдонгон жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотууну карайт

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Мыйзам долбоорунда контролдук-кассалык машиналарды колдонууда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин болгон жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу сыяктуу ченемдер сунушталууда; кирешенин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү, ошондой эле патенттин ордуна, жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейинки чакан жана орто бизнес үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүү - 0,5% , 30дан 50 миллион сомго чейин - 1%; ККМди колдонууда туумдардын өлчөмүн азайтуу, ошондой эле аларды 15 күндүн ичинде төлөгөн учурда, туумдардын суммасы 70%га жана бирдиктүү салыктын субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 1900 сомдон 800 сомго чейин, башкача айтканда патенттегидей. Мындан тышкары, патенттик системаны оптималдаштыруу максатында соода үчүн патенттердин колдонуу мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январына чейин белгилөө сунушталууда.

2022-жылдын 1-январына чейин үлүштүк курулуш келишимдери түзүлгөн учурда айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каттоо жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 0% КНС ставкасын төлөө 2024-жылга чейин узартылат.

Талкууда депутат Алишер Козуев 20-декабрдагы парламенттик угууда бир катар сын-пикирлер айтылгандыктан, аларды мыйзам долбооруна киргизүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Бактыбек Чойбеков банктык сырга байланыштуу норма боюнча маселени көтөрдү. Депутат Азамат Исраилов транспорт каражаттарына жана кыймылсыз мүлккө салык маселесине токтолду. Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бул мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону суранды, анткени бардык сунуштар жана сын-пикирлер экинчи окууда каралышы мүмкүн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх