Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Унаа айдап бара жатып россиялык жаранды сүзүп кеткен УКМКнын жалган кызматкери Бишкектин ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди (фото)

Милиция кармалган адамдын мурда атайын кызмат менен байланышы болгон-болбогонун тактоодон баш тартты

Бишкекте унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенден кийин өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган бейбаштыкка шектелген жаран изоляторго жаткырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


- Бизге Орусиянын жараны жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды, - деп билдиришти милициядан. - Кулатов-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW X5 үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, аны сүзүп кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Айдоочу унаадан түшүп, орус жаранына денесине залал келтирген. Акыры дарыгерлерге жардам сурап кайрылган. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. БМВнын айдоочусу аныкталып, кармалган. Ал Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү учурда УКМКнын активдүү кызматкери эмес экени аныкталган.

Бирок Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтынын кармалган жаран мурда УКМКда кызмат өтөгөнбү же эч качан күч түзүмдөрүндө иштеген эмеспи деген тактоочу суроосуна жооп берген жок. Тилекке каршы, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы редакциянын абалын тактай алган жок.

Лейла Молдыбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх