Садыр Жапаров 2021-жылы канча киреше тапканы белгилүү болду
Мамлекеттик салык кызматы чиновниктердин жана депутаттардын салык декларациясын жарыялады
Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылга Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү боюнча жыйынды маалыматтарды жарыялады.
Мыйзамга ылайык, ишмердүүлүгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланууга тийиш.
Ошентип, салык кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылы президент Садыр Жапаров 997 803 сом киреше тапкан. Мамлекет башчынын менчигинде дагы 0,6 гектар жер тилкеси бар. "Жакын туугандарынын менчиги" графасында 17,2 чарчы метр аянтты ээлеген гараж гана көрсөтүлөт.
Ушул эле мезгилде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1 миллион 471 сом киреше тапкан. Анын 77,5 чарчы метр аянтты ээлеген бир батири бар.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Талант Мамытовдун 2021-жылдагы кирешеси 816 миң 416 сомду түздү. Ошондой эле жалпы 2 млн 400 миң сомдук бодо жана жылкысы бар. Мындан тышкары, Мамытов декларацияда өзүнүн жакын туугандарына тиешелүү КИА К5 үлгүсүндөгү унаасын көрсөткөн.
Жогорку Соттун экс-төрайымы Нургүл Бакирова 2021-жылдагы салык декларациясында 1 миллион 487 миң 457 сом кирешеси бар экенин, жеке мүлкү жок экенин, бирок жакындарынын 3 миллион 650 миң малы бар экенин билдирген.
Сүрөт www