Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпирабад окуясы боюнча кармалгандардын тарапкерлери митинг өткөрүүгө ниеттенүүдө

Нааразылык акциясы эртеңкиге пландалган

Бириккен Демократиялык Кыймылдын мүчөлөрү Кемпирабад окуясы боюнча камакка алынгандарды коргоо максатында эртең Бишкекте митинг өткөрүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтынын редакциясына келген билдирүүдө айтылат.

Митинг саат 12.00дө Ички иштер министрлигинин имаратында өтөөрү такталды.

«Өткөн жыл биз адилетсиз соттук териштирүүлөргө, активисттердин, журналисттердин, саясатчылардын, укук коргоочулардын мыйзамсыз камалышынын күбөсү болгон оор мезгилдердин бири болду. Кыргызстан 30 жылдан бери биринчи жолу мынчалык масштабда укуктар менен эркиндиктер сакталбай жаткан учурга туш болду. Жыл башынан бери көз карандысыз журналист Болот Темиров менен “Temirov Live” командасынын мүчөсү Болот Назаров бийликке сын айтканы үчүн бурмаланган иш боюнча камакка алынган. Кактус Медиа, Kloop, Azattyk, Next TV өңдүү көз карандысыз ЖМКларды каралоо аракеттери болуп, социалдык түйүндөрдө өз пикирин активдүү жарыялаган жаш активисттер кармалган. Ал эми жыл аягында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы болгон 28 адам массалык түрдө кармалышты. Жыл башында мыйзамдуулукту талап кылабыз!

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх