Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Ал спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана КРнын курама командасын түзүү максатында өткөрүлүүдө
21-22-январда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн жаштары арасында күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Мелдештер эл аралык UWW уюму тарабынан бекитилген эрежелердин негизинде өткөрүлөт.
Спортчулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 килограмм салмакта күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы