Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЖЭБинде эч кандай көйгөй жок. Ишкана штаттык режимде иштеп жатат

ЖЭБге күнүнө 7 миң тоннага жакын жергиликтүү жана импорттук көмүр ташылат

Бишкек Жылуулук электр борборунун иши менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев таанышты.

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директору Осмон Качкынбаев Бишкек шаардык ЖЭБдин бардык жабдыктары жакшы абалда жана штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Учурда Бишкек ТЭЦинде 100 миң 444 тонна көмүрдүн запасы болсо, суткалык керектөө 6,5 миң тоннага жетет. Бишкек ЖЭБине күнүнө 7 миң тоннага жакын жергиликтүү жана сырттан ташылып келген көмүр ташылат.

Төрөбаев Энергетика министрлигине өлкө аймактарындагы отун базаларына көмүрдү өз убагында жеткирүү жана анын керектөөчүгө сатуу баасын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх