Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу катталган жок

КР Тышкы иштер министрлиги бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда

Ооганстандын Памир өрөөнүндө катуу вирустук инфекциянын жайылышы жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу кыргыз ЖМКларында тараган маалымат Кыргыз Республикасынын Кабулдагы элчилиги тарабынан текшерилүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Телефон байланышы жок болгондуктан жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын чыныгы абалын тактоо максатында аталган жерге дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда, Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, оогандык кыргыздардын Кыргыз Республикасындагы өкүлү менен байланышта.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх