­
Депутат Маткеримов: Жакында Якутияга иштегени 40 кишиден турган кыргызстандыктар келип, көчөдө калышты - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Маткеримов: Жакында Якутияга иштегени 40 кишиден турган кыргызстандыктар келип, көчөдө калышты

Парламентарий күч түзүмдөрүн жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча алдамчы фирмалардын артында кандай таасирдүү колдоочулар турганын аныктоого чакырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов укук коргоо органдарынын ишин күчөтүп, көз боемочу уюмдар менен активдүү күрөшүүнү талап кылды.

«Бишкекте чет өлкөдөн жумуш табуу боюнча ортомчулук кызмат көрсөткөн ар кандай компаниялар ачылууда», - деп билдирди парламентарий президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго. - Акыркы убактарда мындай фирмалар жарандардан кызматына акча алып, бирок башка мамлекетке келгенден кийин аларды эч ким күтпөй, жумуш жок болуп кеткен учурлар болуп жатат. Жакында эле 40 кыргызстандык Якутияга келип, көчөгө чыгып кетишкен. Мекендештердин аракети жана Кыргыз Республикасынын консулдуктары аларга жардам көрсөтүштү. Ал эми мындай фирмалар ачык иштешет. Аларга тактоо үчүн кайрылганда, алар дагы эле өздөрүнүн таасирдүү байланыштарын кыйытып коркутуп жатышат. Эмне үчүн укук коргоо органдары иштеп, жарандарды шылуундардан коргобойт? Бул таасирдүү колдоочулар кимдер? Алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырма берүүңүздөрдү суранам.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх