Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү пландалууда. Министрлер кабинети туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сунуштады

32 бирдиктен турган санаторий-курорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүү боюнча 960 млн долларлык долбоорду сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды.

Атап айтканда, Баткен районунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен районундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

“Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун” өкүлдөрү 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук мекемелердин тармагын өнүктүрүү боюнча 960 миллион долларлык долбоорду сунушташты. Ошондой эле «Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү, республиканын аймактарында глампинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде обсервация аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу сөз болду.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх