Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жашоо минимуму 15 пайызга жогорулады

Бул көрсөткүчтүн наркы 7 миң сомдон ашты

Кыргызстанда 2022-жылы жашоо минимуму жалпы өлкө боюнча 7178,32 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Өткөн жылы жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында катталган.

Ошол эле учурда, 2021-жылдан айырмаланып жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда (16,3 пайызга) жана борбордо (15,7 пайызга) белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун структурасына ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлардын үлүшү 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөрдүн - 17 процент жана салыктар — 2 процент. Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 килокалория, ал эми химиялык курамында 73 грамм белок жана 71 грамм май бар.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх