Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2023-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди

Акылбек Жапаровдун айтымында, эки жылда өсүү темпи 214%ды түздү же номиналдуу түрдө салыктын түшүүсү эки эсеге өстү

Макулдашылган финансылык, фискалдык жана акча-кредит саясатынын, жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн натыйжасында ИДПнын номиналдык көлөмү 919,4 млрд сомго жетип, 107%га өстү. Бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерге жана Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы көрсөткүч болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик аппараттын жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомду же 177%ды түзсө, салыктык түшүүлөр 229 млрд сомго же 100,5%га өскөн.

«Эки жылдын ичинде өсүү темпи 214%ды түздү, же номиналдуу түрдө салыктык түшүү эки эсеге өстү. Дефицит 13,5 миллиард сомду тузду. Айлыктарды, пенсияларды көтөргөнүбүзгө, курулушка, айыл чарбасына, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого, мамлекеттик карызды тейлөөгө олуттуу суммадагы каражат бөлгөнүбүзгө карабай, жыл жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды кошкондо 16,2 миллиард сом калды. 9,9 млрд сом», - деген Жапаров 2023-жылы республикалык бюджет 500 млрд сом өлчөмүндө бекитилгенин кошумчалады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх