Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшту
Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу достук маанайда өткөнү белгиленген
Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук кырдаалда жана өз ара түшүнүшүү менен өтту. Тараптардын кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөт.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз