ЖК Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментин Мамкурулуштан бөлүүнү сунуштады
Нурбек Алимбековдун айтымында, мектептердин жана башка объектилердин курулушуна байланыштуу калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо көмүскөдө калууда
Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков Ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү башкармалыгын Мамкурулуштан бөлүүнү сунуштады.
- Мурда 2023-жылга чейин бардык калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу планы бар болчу, азыр ал 2026-жылга жылды, - деп белгиледи парламентарий. - Мамкурулуштун көптөгөн долбоорлору бар, мектеп, бала бакча ж.б. Ошондуктан өлкө калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, менимче, көмүскөдө калууда. Буга байланыштуу Мамкурулуштан Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана суу бөлүү башкармалыгын бөлүп алуу зарыл.
Ислам Жолдошов
сүрөт www