Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 миллион сомго микроскоп өткөрүлүп берилди (фото)

Жакынкы убакта ал жерге магниттик-резонанстык томография орнотулат

Бүгүн, 23-январда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө LEICA M 530 OHX нейрохирургиялык микроскобу тапшырылды.

Микроскоп сатылып алынып, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына тапшырылып, анын баасы 35 млн сомду түзөт.

Жабдууларды тапшыруу аземи «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын вице-президенти Улукмырза Абакиров, Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана аталган бөлүмдүн дарыгерлери Токтобай Маанаевдин катышуусунда өттү.

Гүлнара Баатырова белгилегендей, акыркы заманбап операциялык микроскоп нейрохирургия тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп, бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатат.

«Өлкө башчысы саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат жана бүгүн алынган жабдыктар буга мисал экенин айткым келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык операцияларга муктаж бейтаптарды тейлөөнүн сапаты жакшырып, дарыгерлердин иши да жеңилдейт. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчилигине кымбат баалуу жабдууларды бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Мындан тышкары, өлкө жетекчилигинин демилгеси менен калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томографтар жана рентген аппараттары тапшырылды.
Ошондой эле жакын арада Улуттук госпиталга магниттик-резонанстык томография аппараты орнотулары айтылды.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх