Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев келди
Аны президент Садыр Жапаров кабыл алат
Бүгүн, 23-январда Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашымбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.
«Манас» аэропортунан ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Маулен Ашымбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү маселелерин талкуулайт. Муну менен катар депутаттардын катышуусунда кеңейтилген жыйындар өткөрүлөт.
Сенаттын төрагасын президент Садыр Жапаров да кабыл алат. Кошумчалай кетсек, Ашымбаев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган форумга катышат.
ЖК басма сөз кызматы
Сүрөт www