Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев Бишкектеги Абай Кунанбаевдин эстелигине гүл койду

Ардактуу конокторду вице-спикер Нурланбек Азыгалиев коштоп барды

Бүгүн, 24-январда Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев Кыргызстандагы сапарын жыйынтыктап, казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын, музыкант жана эл агартуучу Абай Кунанбай уулунун эстелигине барды.

 

Ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Жогорку Кеңештин Казакстан менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов коштоп барды.

 

Эске салсак, Абай Кунанбай уулунун эстелиги былтыр Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында ачылган. Ачылыш аземине эки мамлекеттин башчылары катышты.

ЖК басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх