Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Митрополит Викентий менен жолугушту

Тараптар мектеп куруу жана троллейбус каттамын узартуу маселесин талкуулашты

 

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин  спикери Кубанычбек Конгантиев Ташкент жана Өзбекстандын Викентиси  менен жолугушту.

Тараптар борбор калаанын аймагында жалпы билим берүүчү мектептин курулушуна көмөк көрсөтүү, епархиянын волонтерлорунун шаардык волонтердук уюмдар менен кызматташуусун кеңейтүү, ошондой эле провослав чиркөөсүнүн жыйналышынын өтүнүчү боюнча 11- троллейбустун каттамын узартуу маселелерин талкуулашты.

Мэр белгилегендей, муниципалитет мектеп куруу үчүн жер тилкесин берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Жолугушууга ошондой эле мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Владыка Савватий, Андрей Кунавин, "Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борбору" ЖЧКнын директору Наталья Кулматова катышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх