Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сары-Челекти сактап калгыла. Бийлик резерв жөнүндө жобону кайра карап чыгууга ниеттенүүдө

Малдын санын азайтып, жаратылышка кам көрүү маселеси көтөрүлдү

Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери 10-январдан 13-январга чейин Аксы районунун жетекчилиги, Сары-Челек коругунда жайгашкан Аркыт айылынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү.

Учурда Аркыт айылынын тургундарынын уставы жана абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгып, малдын санын азайтуу, жаратылышка аяр мамиле кылуу маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле корук жөнүндө жобону кайра карап чыгуу, автоматташтырылган тосмолорду орнотуу жана коруктун абалын жакшыртуу боюнча башка чаралар көрүлөт. Бардык кызыкдар тараптардын пикирин изилдөө үчүн социалдык изилдөө жүргүзүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, райондук деңгээлде комиссия түзүлүп, учурда корукта жашагандардын санын тактап, жашаган жери боюнча мыйзамдык документтерди иштеп чыгууда.

Сары-Челек коругун сактап калуу — биздин жалпы ишибиз, урпактарга ушундай сонун жерди калтырууга милдеттуубуз.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх