Шайлообек Атазов: Жаш спортчулардын эмгек акысынын өлчөмүн мыйзамда бекитиш керек
Депутаттын айтымында, спорт ишмерлери спортту өнүктүрүүгө кайдыгер мамиле жасап жатышат
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында спортту өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Эл депутаттары жаштар арасындагы олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине берилүүчү сый акынын өлчөмүн мыйзам долбоорунда бекитүүнү сунушташты.
Vesti.kgнин кабарчысы мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Шайлообек Атазовго кайрылды.
«Эгерде биз эл аралык спорттук аренада ийгиликке жетүүнү кааласак, жаш спортчуларды колдоп, аларга дем беришибиз керек», - деди Атазов. -Спортчулар эл аралык турнирлерде жеңишке жеткенде 5-10 миң сомдон сыйлык берилет. Ошол эле учурда тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуу маселелери чечилбей жатат. Ошондуктан мен мыйзам долбоорунда жаш спортчуларга төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн бекитүүнү сунуштайм. Маселен, жаштар арасындагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү 1 миллион сом, экинчи орунга 500 миң сом, үчүнчү орунга 300 миң сом бериши керек. Муну мыйзамга жазбасак, анда чиновниктер каалагандай кыла алышат. Ошондой эле спортту өнүктүрүүгө стимул болот. Спортчулар Кыргызстанды бүт дүйнөгө даңазалап, спорт ишмерлери кайдыгерликти көрсөтүп жатышат.
Ислам Жолдошов
сүрөт www