Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК жасалма документтерди жасап, бюджетке 52 миллион сом зыян келтирген салык кызматкерин кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери жасалма каттоодон өткөн жарандын тапшырмасы менен ойдон чыгарылган экономикалык иш жүргүзгөн. Азыр ал камакта.

УКМК Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактысын аныктады.

Белгиленгендей, Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери «Н.С. жасалма документтер менен Кыргыз Республикасынын жараны жеке жак катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөн, андан кийин ал өзүнүн атынан ойдон чыгарылган чарбалык иштерди жүргүзгөн. Республикалык бюджетке келтирилген алдын ала зыян 52 миллион 870 миң сомду түзөт.

2023-жылдын 25-январында "Н.С." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз чарбалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх