Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кезектеги жол киренин  кымбатташы. Бишкек шаардык мэриясы буга чейин БШКга токтомдун долбоорун киргизген

Муниципалитет троллейбустарда жана автобустарда төлөмдү 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо; маршруттук унааларды күндүз 21 сомго чейин, кечинде 32 сомго чейин

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү боюнча токтом долбоорун сунуштады. Текст БШКнын сайтында жайгаштырылып, долбоордун өзү коомдук талкууга коюлат.

Муниципалитет троллейбустар менен автобустарга жол кире акысын 15 сом өлчөмүндө белгилөөнү сунуштоодо; маршруткалар эртең мененки саат 6дан 20:30га чейин — 21 сом, 20:30дан 6:00гө чейин — 32 сом.

Шаар бийлиги долбоорго тиркелген негиздемелерде тарифтерди кайра эсептөө инфляциянын өсүшүн жана транспортту тейлөөгө эксплуатациялык чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлгөнү менен негиздейт, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн шарттарды жакшыртууну убада кылууда. Түшүндүрүп кетели, мэрия акыркы жолу 2021-жылы жол кирени көтөргөн. Троллейбуста же автобуста жүрүү үчүн жүргүнчү 11 сом, кичи автобуста 15 сом төлөшү керек.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх