Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

29-январдан тарта Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы жабылды

Канализация коллекторун куруу иштери башталды

2023-жылдын 29-январында Бишкектин Асаналиев көчөлөрүнүн Гагарин көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализациялык коллектордун курулушу башталган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин алкагында диаметри 600 мм болгон канализация түтүктөрүн төшөө пландалгандыктан унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууну суранат.

Маалымдама: Канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу 11 км. Жаңы канализация коллектору Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарын жаңы канализацияга туташтырат.

Канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун - II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх