Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көз ооруларын даарылаган Dünyagöz клиникасы эми Кыргызстанда!

Медициналык туризм жана кыймылсыз мүлк тармагында иш алып барган Deconsilior Group, ошондой эле белгилүү түрк офтальмологиялык клиникасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ээси Dünyagöz өлкөнүн офтальмологдору үчүн офтальмологиядагы өзөк клеткалары боюнча конференция өткөрдү.
Бул жолугушуунун өзгөчөлүгү Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатканында.
Эми жарандар “Dünyagöz” клиникасынын Кыргызстандагы расмий ачылган өкүлчүлүгүнөн кеңеш ала алышат. Ал офтальмологиядагы алдыңкы жабдууларды колдонуп, эң акыркы технологиялар жана ыкмалар менен көрүүсү начар адамдарга жардам берет.
Азыркы учурда офтальмологияда өзөк клеткалары Европа жана Америка континенттеринде кеңири колдонулууда, жакында бул ыкма Түркияга да жетти. Эми алар өз тажрыйбасын башка өнөктөш өлкөлөр менен бөлүшүүгө даяр.
Атактуу түрк дарыгери Селим Доанай өз мекенинде оорулууларды өзөк клеткалары менен дарылоону биринчилерден болуп баштаган. Ал өзүнүн жеке тажрыйбасынан алынган видеолорду так көрсөтүп, операция тууралуу кеңири түшүндүрүп берди. Мындан тышкары, ал конференциянын катышуучуларына vitreoretinal хирургия тууралуу кеңири айтып берди.
Ошондой эле Кыргызстанда адистерди жана оор техникаларды даярдоочу медициналык базанын жоктугунан бул техника азырынча колдонула электиги белгилүү. Мындай күчтүү компания жетектеген клиника, албетте, жакында толугу менен техниканы ишке ашырат.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги “Dünyagöz” клиникасынын илимий изилдөөлөрүнүн негизинде иш алып барары белгиленди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх