Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ТИМи Кыргызстандын жарандарына Казакстан Республикасында экстремисттик адабияттарды ташуу жана таратуу үчүн жоопкерчиликти эскертти

Тартип бузгандарга айып пул салынып, Казакстандан депортацияланат

Казакстанга бара жаткан Кыргызстандын жарандары Казакстан Республикасында экстремисттик деп табылган адабияттардын тизмесин эске алышы керек. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Министрлик Казакстанга барууну же транзит менен өтүүнү пландаган жарандарды экстремисттик деп табылган диний адабияттар жана маалыматтык материалдардын тизмеси менен таанышууга чакырат», — деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө. - Бул материалдарды коңшу мамлекеттин аймагына ташууга жана таратууга тыюу салынгандыктан, жарандар 50дөн 100гө чейин айлык эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (350-400 миң теңге) айыппул күтө алышат. Тартип бузгандарды Казакстандан да депортациялоо күтүлүүдө”.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх