Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Талас облусунун республикалык бюджетке салымы 10 эсеге өстү

2022-жылы облустун 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылган

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландар каралды.
- Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгына оң баа берилди, жакшы натыйжалар орун алган. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды, - деди Эдил Байсалов.

Жыйында мындан сырткары, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөнү да белгиленди. 2022-жылы облуста 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, ошондой эле кошумча жаңы мектеп имараты курулган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх