Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Акыркы маалыматтар боюнча жаратылыш кырсыгынын айынан 912 адамдын өмүрү кыйылган
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.
«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз