Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Азаттыктын” мурдагы журналисти жана экс-депутат Маданият министринин жаңы орун басарлары болушту

Жаңы аткаминерлер министрликтин жамаатына тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Надырбеков Союзбек Надырбекович башка ишке которулгандыгына байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу кабминдин сайтында кабарланды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын башка чечими менен Тагаев Марат Төлөмүшевич жана Аскарова Айнура Алмасбековна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аларды министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Марат Тагаев мурда “Азаттыктын” кабарчысы болуп иштеген, ал эми Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин экс-депутаты экени белгилүү.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх