Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Активист Назарбек Нышанов УКМК тарабынан кармалганы кабарланды

Активист социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткандыгы үчүн кармалган

2023-жылдын 6-февралында улуттук коопсуздук органдары тарабынан социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде, КР жараны Н.Н.А. кармалып КР УКМКнын тергөө камак
жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. КР УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.

УКМКнын басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх