Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министрлигинин «Азаттыктын» ЖМК катары жоюу туурасындагы соттук арызын кароо 20-февралга жылды

Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес

Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту “Азаттык Медианын” мекемесин Жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырды. Буга аталган министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүчү себеп болду. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзүнүн сайтында маалымдалды.

Министрликтин доо арызында "Азаттык" кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. "Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх