Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапешт шаарына барды

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген. Президентти

Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алганы маалым.

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх