Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Cот Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө дарыланууга уруксат берди

Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө уруксат берди.

Буга чейин Жогорку Сот Атамбаевдин криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмдү жокко чыгарганы белгилүү болгон эле.

Маалым болгондой, 13-февралда Жогорку соттун судья Кеңешбек Токтомамбетовдун төрагалыгы алдындагы судьялык коллегиясы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх