Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев Испанияга учуп кетти

Экс-президентти уулу Кадыр Атамбаев коштоп кеткени айтылды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда Испанияга дарыланууга учуп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жакын санаалаштары билдирди.
Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаевди уулу Кадыр Атамбаев коштоп кеткен.

«Билет, дарыланууга же балким операция болсо, ага кеткен чыгымдардын бардыгын», - дешти мурдагы президенттин тарапташтары.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаевдин омурткасында көйгөйлөрү бар. Анын жакындары жана санаалаштары №47 колониянын кызматкерлери орой күч колдонуп, аны күч менен сотко алып барып, омурткасы мертинип калганын айтышат.

Эске салсак, кечээ, 14-февралда Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча өкүмдү жокко чыгарып, жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөн. Биринчи Май райондук соту да Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берген.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх