Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Качкын президент Курманбек Бакиев Дубайдагы мурдагы мамлекет башчылардын жолугушуусу тууралуу: Садыр Жапаров бул демилге менен саясатчы катары жетилгенин көрсөттү

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө күнөөм жок

Экс-президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу интервью берди. Анда Бакиев Садыр Жапаровдун демилгесин анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөрүн белгилеген.

- Биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт, - деген Бакиев. Ошондой эле ал жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өткөнүн, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алганын айткан.

- Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду, - деген мурдагы президент.

Ал эми Атамбаевдин жолугушуудан кетип калганы боюнча төмөндөгүдөй жооп берген.

– Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти. Ошондой эле, ал  7-апрелде Бишкекте курман болгондордун өлүмүнө күнөөлүү эмес экенин да айтып өткөн.

- 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам, - деген Курманбек Бакиев.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх