Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльдар Алишеров ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды

Буга чейин бул кызматты Максат Мамытканов ээлеп келген

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 2 чечими менен Алишеров Эльдар Туралиевич Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (министри) болуп дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажы кызматташтыгы маселелери кирмекчи. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме ЕЭКтин жаңы министринин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Буга чейин Эльдар Алишеров 2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх