1-апрелден тарта мектеп директорлору менен окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт
Бул максаттарга Министрлер кабинети тарабынан 481 миллион сом бөлүнгөн
1-апрелден тарта мектеп директорлорунун жана окуу бөлүм башчыларынын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 1-мартта парламентте Каныбек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, бул багытка министрлер кабинети тарабынан 481 миллион сом бөлүнгөн.
Иманалиев ошондой эле чет өлкөдөн волонтерлор келип, эки жылдын ичинде директорлорду жаңы заманбап башкаруу ыкмаларын үйрөтүүгө даяр экенин билдирди. Маалыматка ылайык, беш ыктыярчынын экөө Гарвард университетин бүтүргөн.
Эске салсак, кечээ, 1-мартта Жогорку Кеңеш Кыргызстандын билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды.
фото www