Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Грециянын президенти Катерина Сакелларопулуга поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кырсыктан 36дан ашык адам набыт болгон

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Греция Республикасынын Президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан улам көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“2023-жылдын 1-мартында Грецияда болгон поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди, деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-мартта Грециянын Лариса шаарында эки поезддин кагылышуусунан улам кеминде 36 адам каза болуп, 70ке чакын адам жараланган.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх