Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды

"Моралдык укугум жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты Vesti.kg редакциясына БШК тастыктады. Абиров ошондой эле социалдык тармактагы баракчасына да бул тууралуу жазды.

Абиров билдирүүсүндө анын катышуусундагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жараткандыгын айткан.
"

Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.
Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.
Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле.

Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм. Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын", - деп билдирүү калтырган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх