Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талдоочу: Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын Ички дүң продуктусу азаят деген божомолу жаңылыш болуп чыкты

“Өлкөнүн экономикасы, тескерисинче, өстү”

2022-жылдын апрель айында Дүйнөлүк банк Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын басаңдашын болжолдогон. Бирок, прогноз жаңылыш болуп чыкты – өлкөнүн ИДПсы (Ички дүң продукт) азайбастан, тескерисинче, кыйла өстү. Талдоочу Денис Бердаков бул маалыматтар боюнча Vesti.kg редакциясына өз пикирин калтырды.

- Чындыгында эле бир жыл мурун Дүйнөлүк банк Кыргызстанда ИДПнын 5% төмөндөшүн, инфляциянын 18%га чейин болорун болжолдогон. Бирок, 2022-жылдын аягы бизге бул божомолдун жаңылыш экенин көрсөтүп койду. Натыйжада, биздин ИДПнын өсүшү 7%ды түздү, эгер көмүскөдөгү жагдайларды эске алсак, анда 9% өсүш болду десек да болот. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле биздин товардык позицияларыбызда инфляция байкалган, бирок жалпысынан ал 18%га жетпейт. Ошол эле учурда Түркия, Орусия жана Кытайдан келген инвестициянын өсүшүн көрүп жатабыз, - дейт Д.Бердаков.

Эксперттин айтымында, өлкө бийлиги салыктарды жана бажы төлөмдөрүн чогултууга олуттуу мамиле жасады – башкарууну жакшыртуу, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөштүн аркасында көп нерсе көмүскөдөн чыгарылды.

- Министрлер кабинети бизнестен жана ишкерлерден салыктар жакшыраак чогултула баштаганын бир нече жолу билдирген. Ошондуктан мектептер, жолдор курулуп, реконструкцияланып жатканына күбө болуп жатабыз. Өткөн жылы министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын кадыресе көтөрө алган. Мунун баары Кумтөрдүн кайтарылышынан бюджетке мурдагыдан кыйла көп каражат түшө баштаган сыяктуу маанилүү жагдайлардын жемиши. Мындан тышкары, бажы жана салык системаларында башкаруунун жакшырышы да жакшы натыйжа берди, азыр салык кызматы мурда бир жылда чогулткан сумманы бир айда гана чогултууда. Түркия менен, өзгөчө Кытай менен соода жүгүртүү өсүшү 30-40%ды түзду. Коррупцияга басымдуу түрдө бөгөт коюлгандыктан, мамлекеттик бюджетке көбүрөөк төлөмдөр түшүүдө», - деп түшүндүрдү талдоочу.

Бердаковдун айтымында, кошумча фактор катары Кыргызстанга ар кайсы өлкөлөрдөн инвестициянын олуттуу трансфери болуп жаткандыгы болду, анткени Борбордук Азия “Чоң Евразияда” Кытай менен Ирандан Түркияга жаңы соода-логистикалык жолго айланып баратат.

- Ошондуктан, Дүйнөлүк банктын 2022-жылга болжолуна карабастан, биз аны бир топ жакшы бүтүрдүк. Албетте, оңой болгон жок. Коррупцияга каршы күрөштү камтыган экономиканы көтөрүүгө азыркы бийлик жана президент Жапаров чоң аракеттерди жасады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ишин карап көрсөңүздөр, саламаттыкты сактоо, билим берүү, архитектура сыяктуу бардык тармактарда ондогон коррупциялык схемалар ачыкка чыкканын көрөбүз.

Башкача айтканда, иш чындыгында жүрүп жатат, өлкөдө социалдык-саясий коопсуздук бар экени ар бир карапайым жаранды кубандырууда. Кыргызстанда акыркы ондогон жылдардан бери азыркыдай стабилдүүлүк жок болчу. Бийликте туруктуулук болсо, инвесторлор тартылып, бизнес дагы ачык салыктык башкарууга көбүрөөк инвестиция сала баштайт. Ар бир адамга туруктуу аймак, корголгон өсүү зонасы керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх