Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматова мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту

Ал акыйкатчы кызматына 2022-жылдын мартында шайланган

Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен акыйкатчы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.
Алсак, аталган сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, колдогон.
Жыйынтыгында сунушка добуш берилип, көпчүлүктүн добушу менен Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Белгилей кетсек, Атыр Абдрахматова акыйкатчы кызматына 2022-жылдын мартында шайланган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх