Басма сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан рейтингде 50 тепкичке төмөндөдү
“Кыргыз өкмөтү мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп жатат”
“Репортеры без границ” («Чек арасыз кабарчылар») эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингин жарыялады.
Анда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 50 тепкичке төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга түшкөн.
Уюмдун отчетунда кыргыз өкмөтү мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, өз таасирин жеке маалымат каражаттарына жайылтууга аракет кылып жатканы айтылган.
- Акыркы жылдары чиновниктер цензураны күчөтүүгө жана басма сөз эркиндигин чектөө үчүн мыйзам чыгарууга аракет кылышты. 2020-жылдагы ийгиликсиз аракетинен кийин президент Садыр Жапаров 2021-жылы “жалган маалымат” таратууга каршы делген мыйзамга кол койгон — деп айтылат маалыматта.
Фото www