Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаровдун Москвадагы Жеңиш парадына катышуусу Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет? Эксперттердин пикири

8-9-майда президент Садыр Жапаров Орусияга расмий иш сапары менен барат. Ал Москвадагы Жеңиш парадына катыша турган жалгыз чет элдик мамлекет башчы болмокчу

Бул сапар Кыргызстанга эмне берет жана Украинадагы согуштун фонунда эл аралык коомчулуктун санкцияларына алып келбейби? Биз ушул суроолор менен эксперттерге кайрылып көрүүнү чечтик.


Тамерлан Ибраимов – Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун жетекчиси

109385 w750 h r Во что для Кыргызстана выльется участие Жапарова в параде Победы в Москве? Мнение экспертов
– Садыр Жапаровдун Москвага сапары Батыштын Кыргызстанга каршы санкцияларына алып келет деп ойлобойм. Бул жерде мыйзам бузуу жок да.
Ал эми, Кыргызстанга эмне берери туурасында айтуу кыйын. Бирок, менимче, экономикалык кызматташуу маселелери талкууланат. Кандайдыр-бир конкреттүү долбоорлор жөнүндө сөз болушу деле мүмкүн. Кыязы, жалпысынан эки тараптуу алакаларга байланышкан маселелери талкууланат.
Саясий өңүттө санкцияларга алып келбеши мүмкүн. Бирок, албетте, кандайдыр бир терс кесепеттер болбой койбойт. Анткени бул Украинадагы согуштун фонунда болуп жатат. Ал жакка биздин президенттен башка бир дагы өлкө башчынын барбай турганын эске алсак, дүйнөдө терс баа берилиши толук ыктымал.


Аида Алымбаева – саясат таануучу

aida alymbaeva Во что для Кыргызстана выльется участие Жапарова в параде Победы в Москве? Мнение экспертов
– Менимче, орус бийлиги 9-майда өтө турган парадга Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык жетекчилерине чакыруу жөнөткөн. Бирок, Украина менен болгон кырдаалды эске алуу менен көптөгөн өлкөлөр андан баш тартып, Путинге куттуктоо баракчаларын жөнөтүү менен чектелүүнү чечишкен. Садыр Жапаровдун бул иш-чарага өзү барууну чечкени, менимче, бир аз ойлонулбаган кадам болуп калды. Албетте, Орусияга экономикалык жактан көз карандылык болуп келгенин жана боло берерин да түшүнөм.


Менимче, Жапаров Кыргызстанга каршы жасалып жаткан чектөө чараларын азайткысы келди. Анын үстүнө Тажикстан менен чек арадагы чырга күбө болдук. Көптөгөн маалымат булактары бул маселеде Орусия тажик тарапты көбүрөөк колдогонун айтышууда. Бул жаңжалга Россия Федерациясынын тиешеси бар экенин дагы айткандар бар. Балким ошондон улам президент ушундай чечим кабыл алгандыр. Бирок, мен бул чечимди колдобойм. Орусия азыр башка өлкөлөргө мурдагыдан да көбүрөөк муктаж. Анткени, ал учурда эл аралык коомчулуктан толук обочолонуп турат.
Ошондуктан, мен өлкө жетекчилигине орусия тарапка ийилүүнү сунуштабайт элем. Жапаровдун парадга катышуусу Батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн бурбай койбойт. Кыргызстандын аты бардык дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында аталат. Өлкөбүздүн имиджине доо кетиши мүмкүн.
Санкциялар колдонулушу мүмкүн. Бирок, Жапаровдун парадга катышканы үчүн эле эмес. Орусиянын товарларынын Кыргызстан аркылуу өткөнү – буга көбүрөөк себеп. Жапаровдун Москва барышы - дүйнөлүк коомчулук үчүн санкцияларды кабыл алууга түрткү болбосо дагы маанилүү бир жагдай бойдон калат.


Эдил Осмонбетов - саясат таануучу

271641550137 Во что для Кыргызстана выльется участие Жапарова в параде Победы в Москве? Мнение экспертов
– Бул сапар Орусия үчүн өтө символикалык геосаясий окуя, анткени өлкө азыр эл аралык изоляцияда. Андыктан, ал дүйнөлүк имиджин сактап калууга болгон далалатын кылууда.
Экинчи даражадагы санкциялар киргизилбейт. Эгерде Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан кош багыттуу аракеттерин уланта берсе, анда санкцияларды киргизүү ыктымалдыгы жогорулайт. Акыркы жарым жылдын ичинде бизге Америка Кошмо Штаттарынын, Улуу Британиянын көптөгөн өкүлдөрү келишти. Бул өтө чоң маселе. Алар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу башка өлкөлөргө да барышат. Айрыкча акыркы сапар абдан олуттуу болду. Кыргызстан эл аралык мыйзамдарды, БУУнун уставын сактап, эл аралык санкцияларды колдоп, тарыхый процессти жана алардын мамилесин тандап алышы керек деп ойлойм.

Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү үчүн экинчи даражадагы санкциялардын коркунучу абдан көйгөйлүү. Бул биз үчүн эң чоң чакырык. Эгемендүүлүктүн 32 жылында мындай болгон эмес. Муну өкмөт түшүнөт деп үмүттөнөм. Ошондуктан биз мындай санкциялардан болушунча качышыбыз керек.


Медет Тюлегенов – саясат таануучу, БАУнун улук илимий кызматкери

mt Во что для Кыргызстана выльется участие Жапарова в параде Победы в Москве? Мнение экспертов


Кыргызстанга сапар боло электе эле терс таасирин тийгизгенге жетишти. Биз күтүлбөгөн жерден дүйнө коомчулугунун оозуна алынып калдык. Анткени, биз 9-майдагы парадда башчысы катыша турган жападан жалгыз өлкөбүз. Дүйнөлүк басылмаларга чыктык. Албетте, терс жагынан.
Түздөн-түз парадга катышуу үчүн кандайдыр-бир санкциялар болот деп ойлобойм. Болбоду дегенде, Орусияга абдан көз каранды мамлекет катары кабыл алынабыз. Сырттан караганда, биздин президенттин колун бууп, парадга сүйрөп бараткандай туулгандай. Бул, биздин имиджге көө жапты. Кыргызстанды орус саясатынын оозун эң көп караган алсыз бир звено катары карап калышат. Бизге карата болгон терс мамилелер көбөйөт.


Игорь Шестаков – саясат таануучу

igor sh Во что для Кыргызстана выльется участие Жапарова в параде Победы в Москве? Мнение экспертов
– Алдыдагы иш сапардын негизги маселелеринин бири, менимче, соода-экономикалык алаканы кеңейтүү болот. Мындан сырткары, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер бар. Албетте, газдаштыруу жөнүндө сөз болбой коюшу мүмкүн эмес. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да көңүл чордонунда болушу ыктымал. Анткени бул Орусиядан Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорго, экспортко акча салуу боюнча флагмандык долбоор багытталган продукт. Балким, 2023-жылга чейин кызматташуунун жол картасы белгиленет.
Кыргызстан Европа мамлекеттеринен келген товарларга анчалык көз каранды эмес. Бул багытта бизде жагдай татаал. Евробиримдик 2015-жылы ВСП+ программасын кабыл алганы менен, биз Европанын рыногунда жок болгондой, алар дагы бизде дале жок. Эгерде импорт, анын ичинде өнөр жай түзүмдөрү жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда сөз көбүрөөк Кытай жөнүндө болот. Ошондой эле, Орусияга каршы санкциялардан кийин негизги милдети товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү болгон Дүйнөлүк соода уюмунун ишмердүүлүгү да түшүнүксүз болуп калганын белгилей кетүү керек. Менимче, ал бир символикалык уюмка айлангандай.

Катаал чектөөлөр батыштын өзүнө дагы сокку урат. Биздин продукция аларда жок, демек, алышпайт. Орусия менен соода кылбашыбыз керек? Логика жок. Андыктан, АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстан үчүн альтернативдүү преференцияларды жана жеңилдетүүлөрдү сунуштоого көңүл бурат деп ойлойм.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх