Энергохолдинг: Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт
1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.
Ал ошондой эле электр энергиясынын тарифи эми жылына бир жолу өзгөрүп турарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн.
- 23 тыйын – бул анча чоң эмес өсүш, анткени былтыр өлкөдө айлыктар менен пенсиялар көтөрүлгөн. Бул акча бюджетке 2,4 млрд сомго жакын киреше алып келет.
Бул каражатка тармактарды реконструкциялоо, өзүн-өзү изоляциялоочу зымдарга өтүү, трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу пландалган, - деди Улуттук энергохолдингдин башчысы.
Фото www