Чынгыз Бапаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды
Мурдагы мэр Эрмат Жумаев эми Талас шаарын жетектейт
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Бапаев Чингиз Арстанбекович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, буга чейин Каракол шаарын жетектеп келген Эрмат Жумаев бүгүн Талас шаарына мэр болуп дайындалды.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз