Маркум прокурордун жакындарына төлөнүп берилчү 21 миллион сом. Президент кенемтенин суммасын карап чыгууну тапшырды
Буга чейин бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жараткан
Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселеси менен анын суммасын изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
"Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди", - деди ал.
Эскерте кетсек, Чаткал районунун автокырсыкта каза болгон прокурорунун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Фото www